# А.Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 49
- Дата принятия: 28.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035894>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47606/edition/42157/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035894

---

А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 28-августу № 49 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 – буйругуна негиз, А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна негиз, А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. А.Масалиев айыл аймагындагы “Курган” каналы 800 метр “Гулистан” каналы 800 метр, “Исматулло” каналы 500 метр, “Молдошарип” каналы 900 метр, “Ташмурза” каналы 1300 метр, “Абдукарим” каналы 3800 метр, “Бакир” каналы 1100 метр, “Балтабай” каналы 400 метр, Р1 каналы 6200 метр, “Мелисуу” каналы 800 метр, “Р-2-1” каналы 700 метр, “Исмат” каналы” 8200 метр, жалпы 25,5 км СПАнын карамагында турган аталган каналдар мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу, жогоруда белгиленген ички каналдарды өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, өткөрүп берүү жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы №36/2 токтому жокко чыкты деп табылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Т.Галботоев
