# С.Юсупова айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1-3 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында С. Юсупова айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын жана айылдарда өтүүчү жыйындардын графигин бекитүү жөнүндө.

- Полное наименование: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1-3 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында С. Юсупова айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын жана айылдарда өтүүчү жыйындардын графигин бекитүү жөнүндө.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1-3
- Дата принятия: 27.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035856>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47568/edition/42114/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1-3 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында С. Юсупова айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын жана айылдарда өтүүчү жыйындардын графигин бекитүү жөнүндө. (ред. от 27.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035856

---

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында С. Юсупова айыл аймагынын айылдарында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын жана айылдарда өтүүчү жыйындардын графигин бекитүү жөнүндө.

2024-жылдын 27-Ноябры №1-3Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү Жарлыгына жана Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 6 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык С.Юсупова айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында С.Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык, С.Юсупова айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрында өткөрүлсүн.

2.Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 6

чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык С.Юсупова айыл аймагында кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөүү боюнча төмөнкүлөр бекитилсин. - III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык; - 2024-жылдын 7-декабрында өткөрүлүүчү өкүлчүлүктүү жыйынга квота боюнча 150 катышуучунун саны айылдарга бөлүнүшү 2-тиркемеге ылайык; - Айылдарда коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана ага жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары 3- тиркемеге ылайык.

3.С.Юсупова айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ жана жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттары айылдарда өтүүчү жыйындардын өз убагында сапаттуу өткөрүлүшүн камсыз кылышсын.

4. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча айылдык кеңештин токтомдорун, коомдоштуктардын жана өкүлчүлүктүү жыйындардын протоколдорун мөөнөтүнөн кечиктирбестен Араван районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнө берүү жагы кеңешинин жооптуу катчысы Н.Кубатовго жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.

Төрага М.И.Мамитов
