# Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябрындагы №1-3 Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябрындагы №1-3 Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1-3
- Дата принятия: 30.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035738>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47474/edition/41992/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябрындагы №1-3 Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө токтому (ред. от 30.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035738

---

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 1-сессиясы

2024-жылдын 30-ноябры №1-2 Атамерек айылы Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 Жарлыгына негиз 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү “ III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан III Жергиликтүү Курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин.

3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин .

5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагын өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кенештин депутаттары бекитилсин.

6. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү өтүүчү курултай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00 дө өткөрүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык, этика маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М.Бакиров
