Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ала-Буга айыл аймагынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо тартиби жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнүндѳ» №13/4 токтому
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы
2025-жылдын 17-ноябры № 13/4
Ала-Буга айыл аймагынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо тартиби жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ"токтому менен бекитилген жобого ылайык Ала-Буга айыл аймагынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо иштерин жүргүзүү боюнча Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Асанбекованын сунушун карап,талкуулап Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо тартиби жѳнүндѳ сунушталган жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ”№502 токтому менен бекитилген жобого ылайык Ала-Буга айыл аймагынын кѳрүстѳндѳрүндѳ кѳмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагы Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүлсүн.
5. Каттоодон ѳткѳрүү Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Абдыразаков Равил Жумадиловичке милдеттендирилсин.
Тѳрага:
Бактыбай уулу Кубанычбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.