# Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30
- Дата принятия: 31.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035648>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47412/edition/41883/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035648

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

2023-жылдын 31-мартындагы № 30 Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө

Бекмолдо айыл аймагындагы Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарында 2023-жылдын 26-мартында болуп өткөн жалпы айыл тургундарынын жыйынынын чечиминин карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Бекмолдо айылдык кеңешинин сессиясынын 2021-жылдын 22-январындагы №29, №30сандуу токтомдоруна кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизилсин.

2.Кеңеш айылына 75-орундуу бала бакча салуу үчүн Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин социалдык обьектилерге бөлүнгөн жеринен 0,38га жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана керектүү иш кагазадары бүткөрүлсүн.

3.Чоң-Токой айылына 75-орундуу эки кабаттуу типтүү бала бакча салынсын, жер тилкеси аныкталсын жана керектүү иш кагаздары бүткөрүлсүн.

4.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

Төрага

С.Осмонов
