# Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/20-2
- Дата принятия: 20.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035596>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47370/edition/41801/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому (ред. от 12.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035596

---

Чолпон-Ата шаардык кенеши XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын ноябрь айынын 20сы №31/22-2

Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын 2025-жылдын 11-ноябрындагы №01-13/2610 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен (идентификациялык №2-03-05-0024-2581) Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

2.Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго:

- мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары Жакыпбек уулу Б.
