# Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/22-1
- Дата принятия: 20.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035595>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47369/edition/41800/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө токтому (ред. от 12.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035595

---

Чолпон-Ата шаардык кенеши XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын ноябрь айынын 20сы №31/22-1

Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы №01-7/3017 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратын, жер тилкеси менен (3079,0 м2) (идентификациялык №2-03-05-0025-3241, №2-03-05-0025-3241-01) Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго :

-мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын; -жогорудагы аталган мүлктү Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан айрым мекемелердин (мектептер, бала бакчалар, оорукана, муниципалдык мекемелер) кызматкерлерин убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында, берүү шартын дыкаттык менен карап, тиешелүү Жобо иштеп чыгып, Чолпон-Ата шаардык Кенеши менен макулдашылсын.

3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары Жакыпбек уулу Б.
