# Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы №5 «Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы №5 «Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 20.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.11.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035572>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47350/edition/41774/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.11.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы №5 «Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө» токтому (ред. от 20.11.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035572

---

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

2025-жылдын 20-ноябры №5

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 12.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7160 сандуу катын Манас шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы Манас шаарынын Ашуров кичи көчөсүнүн №1/1 дарегинде жайгашкан 2077,80 чарчы метр жер аянтын (идентификациялык коду 3-10-01-0017-1669) Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Мүлктү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жана Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Болотов Н.Б.
