Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Айдаркен шаардык кенешинин «Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ» токтому
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Айдаркен шаардык Кенешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 28
Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ Айдаркен шаардык мэриясынын башкы бухгалтери А.Надырбековдун жана сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “Шаардык мэрияга лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алуу боюнча” баяндамасын угуп, талкуулап, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомунун жана бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алуу үчүн мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
2. Эгерде, 2025-жылга каралган бюджеттен тышкары кошумча акча каражаты түшкөн учурда нөөмөтчү автоунааны накталай алууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага
А.А. Алтымышова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.