Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №9-03 2025 Көк-Бел айылынын тургуну Сапарбай уулу Нооруздун жеке менчигиндеги 2300,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 300,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 9-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры № 9-03
Көк-Бел айылынын тургуну Сапарбай уулу Нооруздун жеке менчигиндеги 2300,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 300,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1.Көк-Бел айылынын тургуну Сапарбай уулу Нооруздун жеке менчигиндеги 2300,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 300,0 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Айткулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу