Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баетов айыл аймагынын айылдык кенешинин «Баетов айыл аймагынын көрүстөңдөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү боюнча» №14/1 токтому
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XIV сессиясы 2025-жылдын 18-ноябры № 14/1 Баетов айыл аймагынын көрүстөңдөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 03.10.2025-жылдагы №01-4/136 буйругуна ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XIV cессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө сунушталган ЖОБО бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Көрүстөндөрдө көмүү жайларды брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому менен бекитилген жобого ылайык Баетов айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Акиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу регламент, депутаттык этика, жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Ушул токтомду веб сайтка жарыялоо Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага
Ч. Азимжанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.