# Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 21.02.2025 № 01-4/5 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуутоктому

- Полное наименование: Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 21.02.2025 № 01-4/5 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуутоктому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-4/5
- Дата принятия: 21.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034840>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46843/edition/41007/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 21.02.2025 № 01-4/5 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуутоктому (ред. от 21.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034840

---

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 21-февралы № 01-4/5 ККыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна өзгөртүүлөр болгондуктан 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9-пунктундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти:

К- барабар коэффициент 10-сугаруунун жоктугу = 4130 сом К- барабар коэффициент 20-жерди сугаруу кыйын = 8260 сом К- барабар коэффициент 30-чындыгында сугарылган жер = 12 390 сом деп белгиленсин.

2.Токтомду аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер,

муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:

Төрага:

Б. Дуйшоев
