Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө» №3 токтому
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 9-кезектүү сессиясы
2025-жылдын 19-августу №3
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы №304 Жарлыгына ылайык жана Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ө.Ботояровдун “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тууралуу билдиръъсън угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен жергиликтъъ өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беръъ жөнүндү келишимди бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына токтомдун негизинде келип чыгуучу тиешелүү аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана калкка маалымдоо жагы Социалдык маселелер, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар иштери, спорт жана маданият, мыйзамдуулукту жана жалпы укуктук негиздерди сактоо, регламент, этика жана мандат боюнчатуруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
К. Мамырбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.