# Жазы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 16/84 “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА), Жазы жайыт комитети “ Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жазы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 16/84 “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА), Жазы жайыт комитети “ Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16/84
- Дата принятия: 14.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034740>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46755/edition/40898/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жазы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 16/84 “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА), Жазы жайыт комитети “ Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндө" токтому (ред. от 14.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034740

---

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 14-февралындагы № 16/84

“Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА), Жазы жайыт комитети “ Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндө Жазы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Токторбаеванын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун 2022-жылдын 30-декабрындагы “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат корсөтүүлр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” №52-107 буйругу менен тааныштырып айыл аймагындагы “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА),Жазы жайыт комитети, “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун 2022-жылдын 30-декабрындагы №52-107 буйругун, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө “ токтомунун негизинде “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоцациясы(СПА), Жазы жайыт комитети“, Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын кызмат көрсөтүү төлөмдөрү терминал аркылуу жүргүзүлсүн.

2. Токтомду аткаруу Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоцациясы(СПА), Жазы жайыт комитети, “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Камчибеков
