# Үч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №11/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Үч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №11/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11/1
- Дата принятия: 19.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034522>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46593/edition/40691/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №11/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034522

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы

2025-жылдын 19-сентябры № 11/1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-15/242 - негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын аймагындагы жайгашкан, мурдагы СПАнын балансында турган каналдар жана лотоктор мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна жана Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 токтомуна негиз, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Үч-Коргон айыл аймагындагы “Эшан” каналы 10км,”Руздаркан” каналы 7,5км, ”Жаңы Сайдуллаев Ф” каналы 5,5км, ”Тегирмеч” каналы 1,6км, ”Күнгөй”каналы 2,4км, ”ЛДС” (Коллекторно- дренажная сеть) 18,6км жана СПА карамагында турган лоток-каналдар 15,4 км мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомду аткарууга алуу, жогоруда белгиленген ички каналдарды,лотокторду өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо,өткөрүп берүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Б.Бердибеков
