Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас шаардык кеңеши «Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13.02.2025-ж. кезектеги V сессиясынын №1-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ» токтому
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын ккезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №1
«Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13.02.2025-ж. кезектеги V сессиясынын №1-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ» «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Манас шаарынын мэриясынын 24.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5866 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаарынын 2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн каражаттарын шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу (өзгөртүү) №2-тиркемеге (бюджеттик каражаттар), №2а-тиркемеге (атайын төлөм каражаттар) ылыйык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы №167 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган мекеме-ишканаларынын кызматкерлеринин (кенже тейлөөчү персонал) эмгек акы төлөө шарттары №3, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №10а №11, №12, №12а, №13, №14, №15, №16 тиркемелерге ылайык бекитилсин жана 2025-жылдын 1-майынан тартып кайрадан эсептөө жана төлөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Манас шаарынын мэриясынын атайын эсебиндеги М.Т.Конгантиев МАБ жашоочулары тарабынан чогултулган акча каражаттарын (үлүштүк салым) Шаардык жол башкармалыгынын атайын эсебине план коюп, жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №619 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө” токтомуна ылайык, материалдык-техникалык жана окуу базасына колдоо көрсөтүү, бул ишке ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жана кеңири коомчулуктун катышуу формаларын оптималдаштыруу үчүн кошумча каржылоо булактарын тартуу максатында, "Ариет" балдар чыгармачылык борборуна атайын эсеп ачуу жана план коюу жагы №2а тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 28 мая 2025 года УП № 167 "О выравнивании и приведении к единой модели формирования заработной платы отдельных работников бюджетной сферы Кыргызской…Указ · 28.05.2025 · № 167
- Постановление Правительства КР от 25 августа 2006 года №619 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики от 28 июня 2006 года № 465 и внесении…Постановление · 25.08.2006 · № 619