# Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №7 «Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №7 «Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 24.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034395>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46490/edition/40556/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-октябрындагы №7 «Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому (ред. от 24.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034395

---

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезекcиз XVIII ссессиясы

2025-жылдын 24-октябры №7

«Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6661 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас шаарын облусттук маанидеги шаар статусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Болотов Н.Б.
