Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас шаардык кеңешинин «Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезекcиз XVIII ссессиясы
2025-жылдын 24-октябры №7
«Манас шаарын облусттук маанидеги шаар сатусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6661 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарын облусттук маанидеги шаар статусунан республикалык маанидеги шаар статусуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.