# Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №11-1 токтому

- Полное наименование: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №11-1 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11-1
- Дата принятия: 09.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034257>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46397/edition/40422/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №11-1 токтому (ред. от 09.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034257

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясы

2025-жылдын 9-сентябрь №11-1

Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесине жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайыкжергиликтүү тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 2 (эки) гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү иштерин уюштурсун;

4. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы “Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү” №11-3 токтому жокко чыгарылсын;

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.

Тѳрага

У. Мелис уулу
