Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин «Жер аянтын мыйзамдаштыруу жөнүндө» токтому
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылынын 24-декабры № 2/5
«Жер аянтын мыйзамдаштыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер укуктук мамилелери жөнгө салуу жөнүндө” №21 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндө” 291-токтому менен бекитилген жобонун негизинде, айыл өкмөтүнүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Стамбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагы боюнча 48,99 га жер аянты турак жай курулган жер, 5,97 га жер аянты жол алдындагы жерлер жалпы 54,96 га жер “Сугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторый киргизүү жөнүндө Мыйзамы күчүнө киргенге чейин мыйзамсыз салынып кеткен турак-жайлар Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер мунаписын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174токтомунун негизинде, мыйзамдаштыруу документтерин даярдоо үчүн, жер аянтында мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин :
-Баястан айылынын “Каравай Бува” участкасы №466 контурунан 0.24 га турак жай, “М. Горкий” жана “Маслахад Дөбө” участкасы №101 контурунан 0.96га турак жай, С.Рыскулов көчөсүнөн 0.08га турак жай, “Пайпак-Сай”2 участкасы №101 сандуу контурунан 0.32га турак жай,“Кажар” участкасы №306 контурунан 2.96га жераянты турак жай, “Кызыл-Кол” участкасы №383 контурунан 4.0га жер аянты турак жай, “Кызыл-Кол 2” участкасы №387 контурунан 3.92га жер аянты турак жай, “Сада” участкасы №249 контурунан 0.48га жер аянты турак жай, “Жаны-Арык” участкасынан 0.32га жер аянты турак жай, Советская көчөсүнөн 0.24га жер аянты турак жай,“Хаким-Тал” участкасынан 0.64га жер аянты турак жай;
- Падек айылы “Көчө оозу” участкасы №73 контурунан 1.72га жер аянты турак жай, “Касан жолу” участкасы №62 контурунан 1.20га жер аянты турак жай, “Штаб асты” участкасынан 0.24га жер аянты турак жай, “Абзал” участкасы №54,55 контурларынан 2.79га жер аянты турак жай, “Жолчубек ата” конушунан 0.19га жераянты турак жай;
- Сафед-Булан айылы “Курук-Сай”участкасы №159 контурунан 0.72га жер аянты турак жай, “Курук-Сай” көчөсү №62 контурунан 0.56га жер аянты турак жай,“Караван” көчөсүнөн 0.08га жер аянты турак жай, “Сенобаза”участкасы №236 контурунан 5.92га жер аянты турак жай, “Капчыгай” участкасы №241 контурунан 1.20га жер аянты турак жай,“Бахор” участкасы №154,155 контурунан 1.92га жер аянты турак жай, “Зарент” участкасы №105 контурунан 0.32га жер аянты турак жай, “Кызыл-Жазы” участкасы №90 контурунан 0.08га жер аянты турак жай, “Кызыл-Кесек” участкасы №137,139 контурунан 0.16га жер аянты турак жай, “Кырман” участкасы №18 контурунан 0.48га жер аянты турак жай, “Мектеп” участкасы 0.16га жер аянты турак жай;
- Ак-Коргон айылы “Ак-Булак” участкасы №99 контурунан 2.48га жер аянты турак жай, “Аламайдан” участкасы №216 контурунан 0.48га жер аянты турак жай, “А.Кайимов”көчөсү №118 контурунан 0.24га жер аянты турак жай, Ак-Коргон көчөсү №175 контурунан 1.09га жер аянты турак жай, “Лицей” участкасы №106 контурунан 1.28га жер аянты турак жай, “Мастерская” участкасы 0.16га жер аянты турак жай,“Аламайдан-1” көчөсүндөгү №229 контурунан 0.04га жер аянты турак жай, “Навбахар” участкасы №72 контурунан 0.64га жер аянты турак жай, Т.Мехманов көчөсү №79 контурунан 0.16га жер аянты турак жай;
Ак-Там айылы №389 контурунан 1.90га жер аянты турак жай, Ак-Там айылы №390 контурунан 0.60га жер аянты турак жай, Жаштык көчөсү №224 контурунан 0.10га жер аянты турак жай, А.Расулов көчөсүнөн 0.10га жер аянты турак жай, Мусабаев көчөсүнөн 0.20га жер аянты турак жай, Орунбай ата көчөсү №398 контурунан 0.50га жер аянты турак жай, Жетиген көчөсүнөн 0.60га жер аянты турак жай, Келечек көчөсүнөн 1.10га жер аянты турак жай, Х.Худайбергенов көчөсүнөн 0.10га жер аянты турак жай, Ю.Хамидов көчөсүнөн 0.30га жер аянты турак жай;
- Жапа-Салды айылынын №2187 контурунан 0.76га жер аянты турак жай, Жапа-Салды айылы №1992 контурунан 0.10га жер аянты турак жай, К.Орозов көчөсүнөн 0.10га жер аянты турак жай;
- Кызыл-Ата айылы №3204 контурунан 0.80 га жер аянты турак жай, Кызыл-Ата айылы №1971 контурунан 0.70га жер аянты турак жай, Р.Мендиев көчөсүнөн 0.10га жер аянты турак жай,С.Мамажанов көчөсүнөн 0.10га жер аянты турак жай, Ак-Ордо көчөсү 3 №115 контурунан 0.20га жер аянты турак жай мыйзамсыз курулуш курулган жер тилкелерин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берилсин..
2.Тийиштүү документтерди даярдап бүтүрүү жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т.Хамракулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291
- Закон «О регулировании земельно-правовых отношений»Закон · 01.04.2022 · № 21
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 174 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 29.03.2023 · № 174