# Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/3
- Дата принятия: 24.12.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.12.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034095>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46288/edition/40235/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.12.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому (ред. от 24.12.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034095

---

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

2024-жылынын 24-декабры № 2/3

«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө»

Т.Балтагулов айыл аймагында азыктүүлүк коопсуздугун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статясын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели №207 токтомунун негизинде Т.Балтагулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Балтагулов айыл аймагында суу пайдалануучулардын ассоцациясынын эсебинде болгон ички чарбалык ирригациялык жана мелеоративдик системасы Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди даярдап бүтүрүү жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана айыл өкмөттүн экономист-статисти А.Адашовго милдеттендирилсин.

3.Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т.Хамракулов
