# Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/25
- Дата принятия: 29.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034060>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46270/edition/40199/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 29.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034060

---

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

29-май 2023-ж. № 4/25

Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 69-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомун аткаруу максатында, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевдин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ колдоо кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы кезектеги сессияда

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун №55-контурдагы чѳп чабынды жерлеринен ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, тѳмѳнкү аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ берилсин:

- Хазиева Наргиза Фанузовнага – 2,25га жер участкасы,

- Эшбаева Зымырат Жолдошевна -2,25га жер участкасы,

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев бул жарандар менен ижара акысы мыйзамдын негизинде карап, 5-жылдык мѳѳнѳткѳ жер участкасын ижаралоо келишимин түзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кенешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Насиров Эльманга жүктѳлѳт.

Тѳрайым

З.М. Кочкорова
