Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сары-Челек айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгына негиз Сары-Челек айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №3/5
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгына негиз Сары-Челек айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика», «Айыл чарбасы жана экология», «Укук,мыйзам жана этика», «Социалдык» маселелелер боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 11-февралындагы кошмо отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгына негиз Сары-Челек айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Жобо №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2.Жобонун негизинде мыйзам чегинде иш алып барууну көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага
Н.Абдыраманов
Сары-Челек айылдык кеңешинин 20025-жылдын 12-февралындагы № 3/5 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу жөнүндө» № 296-Жарлыгына негиз,Сары-Челек айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан айыл аймагындагы айылдарда маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча
ЖОБО
1. Сары-Челек айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатууда Кыргызстан дин башкармалыгынын маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү боюнча чыгарган фатваларын аткарууга алуу.
2. Көрүстөӊдөрдү жайгаштыруу жана көрктөндүрүүдө жана пайдаланууда экологиялык санитардык талаптар аткарылсын.
3. Көрүстөнгө баруучу жолдор жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп жыл сайын оӊдолуп турсун.
4. Маркум коюлган мүрзө жеке өзүнчө темир тосмолор менен тосулбасын.Мазардын жалпы короосу айыл өкмөттүн жана жеке демөөчүлөрдүн эсебинен короолонсун.
5. Мүрзөдөгү эстеликтер жана жөнөкөй тосмолор жыгач материалдардан жасалсын.Бийиктиги 0,70 см ашпасын.Эстеликтерди орнотуп тургузууда ысырапкорчулукка жол берилбесин.
6. Сөөк коюлган кабырга таштан,граниттен,мрамордон жана металлдан жасалган монументтер,статуялар,эстеликтер жан мүрзө плиталарын орнотууга тыйуу салынсын.
7. Өзу жашаган айылдагы мазардан маркумга бекер жер аянты бөлүнүп берилсин.
8. Мазар жерин уюштуруп бөлүп берүүдө калктын санын эсепке алганда 30 жылдын кем эмес жете турган жер бөлүнүп берилсин.Жер түбүндөгү суу 2 метрден төмөн бөлуусу керек. Автомашина бара ала турган ,же авто жол салганга мүнкүнчүлугү бар жерден болсо жакшы болот.
9. Авто машина токточу чакан жайларды кошо каралсын.
10. Мазардын ичи сектор же квартал деп аталгандарга болүнүп,катар номерлер коюлуп каттоо китеби уюштурулсун.Ички чакан жол аллеялар каралсын.
11. Маркумга арналып тигилген көчөттөр кийин маркумга берилүучү жерге отургузулбасын.Мөмөлүү дарактар тигилбесин.Декаративдүү өтө бийик эмес дарактарга уруксат берилсин.Бийик өскөн,бардык жагына көлөкө кылган дарактарды отургузууга тыйуу салынсын.
12. Мазарга кирүүчү 2 же 3 жерден эшиктер ачылсын.Ошол жерлерде адамдар бири бирин күтүп туруучу жер аянттары даярдалсын.
13.Мазарларда канализациясы бар же септиктер менен курулган туалеттер курулсун.
Мазарда чакан чарбалык навестер менен камсыздалсын.Шаймандар жана отургучтар сакталсын.
14. Эгерде мүнкүнчүлүк болсо ичүүчү таза суу түтҮктөрү киргизилсин.Колду жана бут кийимдерди жуучу жер аянттары бекитилсин.
15. Жакын жерде электр линиялары болсо жарыктандыруу маселелери дагы каралсын.
16. Мазарга эл тарабынан короосун кароочу адамдар бекитилсин.Ички санитардык абалын,күтүлүшү милдеттендирилсин.Таштандыларды чыгарып кетүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнсүн
17. Мазарга кирип коӊул ачууга чана тебүүгө ,лыжа тебүүгө,машина менен кирүүгө тыйуу салынсын.
18.Мазарга кирип тамеки чегүүгө,наркотик тартууга ,чөптөрдү же отургузулган гүлдөрдү терүүгө тебелөөгө тыйуу салынсын.
19.Мазарга мал жайууга,ит киргизүуугө дарактарды кыйууга тыйуу салынсын.
20.Мазарда музыка койууга ,ичимдик ичүүгө тыйуу салынсын.
21 Мазар жерине байланыштуу талаштартыш маселеси жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы аркылуу чечилет.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы маркумга жер аянтын берүү үчүн төмөндөгүдөй документтердин негизинде бөлүп берет.
1. Маркумду көмүүчү адамдын арызынын негизинде
2. Паспортунун же башка документтеринин кочүрмөсү арыз берүүчүнүн
3. Паспортунун же башка документтеринин кочүрмөсү өлгөӊ адамдын
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жер аянтын бөлүп берүү уруксат берүү кагаз жана каттоо журналына аты жөнү жана датасын жаздырат.
23.Өзгөчө катуу инфекция же эпидемия менен өлгоӊ адамдар санитардыкк –эпидомиологиялык правила менен көмүлөт.
24.Документи жок белгисиз жагдайлар менен өлгөн адамдар жон көмүүгө уруксат берилбейт.Соттук-экспертизалык корутундунун негизинде коюлат.
25.Бир мүрдөгө 1 адамдын сөөгү коюлат,төмөндөгүдөй жер аянты берилет
Аянты 10м 2, ,узуну 2,5 м,туурасы 4метр.Казылган мурдөнүн размери узуну 2 метр,туурасы 1 метр.
26.Ал эми өспүрүмдөрдүн сөөгүнө төмөӊдөгүдөй жер аянты берилет.Аянты 5 м2 узуну 2,5 м,туурасы 2 метр.Мурдөнүн размери узуну 2 м,туурасы 1 метр.
Каттоо жүргүзүүнүн тартиби: 27Жергиликтуу башкаруунун аткаруучу органы атайын акыркы сапарга узатуу кызматы тарабынан каттоо журналы жүргүзүлөт.
28.Кайсы участкадана канча размердеги жер берилгени катталат.
1. Каттоо номери жана датасы жазылат.
2. Өлгөн датасы жана себеби(эгер белгилүү болсо) жазылат.
3. Ким тарабына көмүлгөн ФИО жазылат,эгерде юридикалык жак болсо адресат толук жазылат.
4. Каттоо журналы кагаз журналында жана электрондук журналда да жазылат.
5. Каттоо журналы боюнча жыл сайын отчету каралат.Канча жылга журнал ачылат,так жазылат.Толгон каттоо журналдары мамлекеттик архивге тапшырылат
Көмүлгөн инсандарга эстелик же мемориалдык белгилерди кою тартиби:
1. Эстелик жана мемориалдык белгилер маданий жана диний ,этностук традициялардын Инструкциясынын негизинде орнотууга уруксат берилет.
2. Мазардагы мүрдөгө Эстелик же белги койуу үчүн Жергиликтүү башкаруу органынын жазуу түрүндө арыз же билдирүү менен кайрылат.Коюлган инсандын аты-жөнү.качан канчанчы участкада ,канчанчы номерде коюлганын так көрсөтөт.
3. Мүрдөгө коюлуучу эстелик же белги 0,70 см ашпоосу керек
4. Эстеликке жыгачтан жана жөнөкөй болүүга тийиш,ашыкча ысырапкорчулукка жол берилбейт.
5. Эстеликтеги жазуу шрифтери так жана аты жөнү,өлгөн датасы болуусу керек.Диний белги койууга уруксат берилет.
Жергиликтүү башкаруу органы мазарлардагы тартипти дайыма көзөмөлгө алат. Мазардагы эстелик жана белгелерди бүлүндүрүүгө жана мазактоого жол берилбейт.Эгерде кимдир бирөөлөр ушундай тартипсиздикке барса мыйзаи алдында жооп берет. Мазарларды бузууга эч киге жол берилбейт.Эгерде мазар аянты толуп калса дагы ичиндеги нерселер толугу менен сакталат.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296
- Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 3/5 "Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүндɵгү айыл чарба жерлерин кайра бɵлүштүрүү фондунун жерлерин жарандарга ижарага конкурсттук…Постановление · № 3/5