# Элмирбек Иманалиеа айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №31 «Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Элмирбек Иманалиеа айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №31 «Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 19.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033960>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46197/edition/40107/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Элмирбек Иманалиеа айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №31 «Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө» токтому (ред. от 19.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033960

---

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жылдын 19-мартындагы №31

«Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы №673 токтомунун негизинде айыл аймакта ветеринардык-санитардык профилактикалык иш-чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акысын Токтогул ветеринардык башкармалыктын 2013-2014-жылдары Жалал-Абад областтык антимонополия баршкармалыгы менен макулдашууда белгиленген кызмат акылары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ө.Төрөкуловдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ө.Төрөкуловдун маалыматы алымча кошумчалары менен жактырылсын.

2.Элмирбек Иманалиев айыл аймагында ветеринардык-сенитардык профилактикалык иш чараларды аткарууда жеке ветеринарлардын кызмат акысын көрсөтүүдө төмөндөгүдөй баалар бекитилисин:

- бодо малдарга 1 башка “Шарп”ылаңына эмдөөгө – 30 сом;

- жандык малдарга 1 башка (чечек,кой-эчкинин чумасына, РЕВ-1,бруцеллез)

эмдөөгө – 15 сом;

- бодо мал,жылкы жандык малдан кан алууга 1 башка – 20 сом;

- бодо мал,жылкы жандык малдарга асма дары (капельница)берүү 1 башка-100 сом;

- бодо мал,жылкы жандык малдарды туудуруу жана чөбүн (послед) алуу 1 башка 150 сом;

- бодо малга (уйларга) 1 башка кулак бирка тагуу, бирка баасы – 36 сом, кызмат акы – 34 сом, жалпы – 70 сом;

3. Жылкыга чип тагуу, бир башка, чип баасы – 90 сом, кызмат акы – 40 сом,

жалпы- 130 сом;

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Бешкемпировага жүктөлсүн.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

А.Т.Уметалиев
