Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин «Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенеши
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
VIII чакырылышынынIX сессиясы
2025-жылдын 13-октябрындагы №129
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланыш чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №199 тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын негизинде бекитилген жергиликтүү жамааттардын ѳкүлчүлүктүү жыйындарын ѳткѳрүү боюнча тиешелүү аймакты бѳлүктѳргѳ бѳлүү ченеми боюнча нускамасына” ылайык маселени карап, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Этностук коомдук бирикмелердин Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды ѳткѳрүү 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00 до ѳткѳрүлсүн.
2. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайынын курамы калктын санына ылайык 80 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 21 (жыйырма бир) адамдан бекитилсин (№1 тиркеме)
4. Ѳкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары 17-октябрынан 24-октябрына чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн жана ѳкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бѳлүнѳѳрү эскертилсин. (№2 тиркеме)
5. Ак-Терек айыл ѳкмѳтү Кезектеги IV Элдик Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жана белгиленген мѳѳнѳттѳ графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын ѳтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага Эркинбек уулу С.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Распоряжение Президента КР от 6 сентября 2024 года РП № 199 (Об образовании организационного комитета по проведению очередного III Народного Курултая и координации работы по…Распоряжение · 06.09.2024 · № 199
- Указ Президента КР от 22 сентября 2025 года № 270 «О проведении очередного IV Народного Курултая»Указ · 22.09.2025 · № 270 · Утратил силу