Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө» №9-1 токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 8-август №9-1
Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 3,82 гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү жана каттоо иштерин уюштурсун;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
У. Мелис уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.