# Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/4 "Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/4 "Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/4
- Дата принятия: 10.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033761>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46051/edition/39885/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/4 "Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө" токтому. (ред. от 10.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033761

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму

2025-жылдын 10-октябры № 12/4 Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө

Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын тургундарынын 2025-жылдын 8-октябрындагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде, айылдын кулуну, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин финансылык кызматынын үлгүлүү кызматкери, башчысы катары кызмат өтөп, элине кызмат кылган атуул Ермекбаев Бектурсун Аматбековичтин атын берүү жөнүндө Тилектеш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жана Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Орто-Суу айылынын 2025-жылдын 8-октябрындагы элдик жыйынындагы элдин талабын билдирген №28 протоколунун негизинде Орто-Суу айылындагы Арал көчөсүнө айылдын кулуну, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин финансылык кызматынын үлгүлүү кызматкери, башчысы катары кызмат өтөп, элине кызмат кылып жүрүп каза болгон атуул Ермекбаев Бектурсун Аматбековичтин ысмы ыйгарылсын.

2.Көчөгө “Ермекбаев Бектурсун Аматбекович атындагы көчө” ысмын берүү жөнүндөгү чечимди тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирүү, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү айылдык кенештин жооптуу катчысы Б.Болушовага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын, ал эми көзөмөлдөө айылдык кеңештин укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

К.Төрөшев
