Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Тилектеш айылдык кеңешинин «Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө» токтому.
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/4 Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын Арал көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Айыл аймагындагы Орто-Суу айылынын тургундарынын 2025-жылдын 8-октябрындагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде, айылдын кулуну, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин финансылык кызматынын үлгүлүү кызматкери, башчысы катары кызмат өтөп, элине кызмат кылган атуул Ермекбаев Бектурсун Аматбековичтин атын берүү жөнүндө Тилектеш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жана Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Орто-Суу айылынын 2025-жылдын 8-октябрындагы элдик жыйынындагы элдин талабын билдирген №28 протоколунун негизинде Орто-Суу айылындагы Арал көчөсүнө айылдын кулуну, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин финансылык кызматынын үлгүлүү кызматкери, башчысы катары кызмат өтөп, элине кызмат кылып жүрүп каза болгон атуул Ермекбаев Бектурсун Аматбековичтин ысмы ыйгарылсын.
2.Көчөгө “Ермекбаев Бектурсун Аматбекович атындагы көчө” ысмын берүү жөнүндөгү чечимди тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирүү, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү айылдык кенештин жооптуу катчысы Б.Болушовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын, ал эми көзөмөлдөө айылдык кеңештин укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
К.Төрөшев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.