Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылдын Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-сентябрындагы №168 буйругу жөнүндө» токтому.
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 8
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы “2025-жылдын Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-сентябрындагы №168 буйругу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Ош облусттук статистика башкармалыгынын Кара-Суу райондук статистика бөлүмүнүн 2025-жылдын 27-августундагы №01-7/159 чыгыш катында көрсөтүлгөн календардык планында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого акча каражат талап кылынаарын айтып Ала-Тоо айыл аймагына 300,0(үч жүз миң) сом акча каражаттарды бөлүү боюнча календардык пландын 13-пунктунда талап кылынарын айтты. Депутаттар бул маселени кеңири карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартынын №122 токтомунун негизинде Ала-Тоо айыл өкмөтүндө айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жөнүндөгү 2025-жылдын 29-августундагы №168 буйругу эске алынсын.
2.Айыл аймагында 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин айыл чарбасына каттоо жүргүзүүгө 300,0 үч жүз миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Айыл чарбасын өз убагында каттоо жүргүзүүгө чыгымдалган акча каражатты мыйзам чегинде бөлүп берип аны аны көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө, ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:
Ф.Ф.Юсупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.