Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин «Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан 620 орундуу №122-орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому.
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 7
Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан 620 орундуу №122-орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Ош шаарынын Н.Исанов атындагы көчөнүн үй №119 дарегинин жашоочусу Джалиев Улан Батыровичтин атасы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Жалиев Батырды Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан 620 орундуу №122-орто мектебине ысым ыйгаруу боюнча жазган арызы менен тааныштырып, 1935-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мурдагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Талдык айылында туулуп өскөндүгүн, 1951-жылы Талдык мектебинде 7 жылдык мектебин бүтүрүп, Ош районундагы Мады айылындагы Кызыл-дыйкан орто мектебинде андан ары уланткандыгын, Фрунзе атындагы мектептин 10-классты бүтүргөндүгүн, 1954-1955-жылдары өзүнүн алгачкы эмгек жолун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында башталгыч класстарынын мугалими болуп иштөөдөн баштагандыгын айтып 1959-1964-жылдары Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында китепкананын башчысы болуп иштегендигине токтолду. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөндүгүн иштеп жүрүп СССРдин жана Кыргызстан сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болгондугун айтты. Оштогу көркөм өндүрүштүк өнөр кананын сүрөтчүсү, 1977-1982-жылдары Оштогу көркөм өндүрүштүк өнөр кананын директору, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзунун Оштогу бөлүмүнүн төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн төмөндөгү: -1977-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы, -1985-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген сүрөтчүсү деген наам берилген. -1986-жылы “Эмгектин артыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган. -1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” деген ардактуу наам берилген. -1995-жылы “Манас эпосуна 1000 жыл” эстелик медалы менен сыйланган. -2000-жылы “1941-1945-жылдардагы согуштун ветераны” ардак белгиси менен сыйланган. -2000-жыл “Сорос Кыргызстан” фондусунун атайын белгисинин ээси. -2004-жылы МКШ сүрөтчүлөр Союзунун эл аралык конференциясынын диплому менен сыйланган. -2004-жылы Фергана өрөөнүндөгү кол өнөрчүлөрдүн биринчи аймактык жарманкесинин диплому, -2014-жылы Ош шаарынын күнүнө карата арналган көркөм өнөр көргөзмө сынагынын “Атайын сыйлыгы” менен сыйланган. -2018-жылы III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр жаңырыгы” этно фестивалынын “Көркөм сүрөт өнөрү “ (склуптор) сынагы боюнча III-даражадагы диплому менен сыйлангандыгын айтты. Андан сырткары Батыр Жалиевдин эмгектери Республикабызда жана чет өлкөлөрдө, музейлерде сакталгандыгына токтолду. Айылдык кеңештин депутаттары бул арызды терең карап, талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы №244 токтомундагы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо критерийлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомунун редакциясына ылайык, тандоо критерийлеринин 2-пунктунун 6-бөлүгүнө ылайык Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылындагы 620 орундуу №122 орто мектебине Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Батыр Жалиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:
Ф.Ф.Юсупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.