Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин «Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133 негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому.
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2025-жылдын 16-сентябры № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133-негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-январындагы Жарооз айылынан Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры маркум Тойчубеков Бердибайдын ысымын ыйгаруу боюнча №37 сандуу сунуш катын тааныштырып 1918-жылы туулуп, 1939-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушка катышып баатырларча эбегейсиз эрдик көрсөтүп, -09.12.1943-ж Орден Славы III-степени; -20.07.1944-ж Медаль “За отвагу”; -22.07.1944-ж Орден Красной Звезды; -16.02.1945-ж Орден Отечественной войны II степени; 1945-ж Орден Отечественной войны II степени; -11.06.1945-ж Орден Славы II-степени; 1945-ж Орден Славы II-степени; Ордендери жана медалдар менен сыйлангандыгын айтып өттү.Айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып,айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы №244-токтомундагы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо критерийлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомунун редакциясына ылайык, тандоо критерийлеринин 2-пунктунун 6-бөлүгүнө ылайык Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылындагы 275 орундуу №133-негизги мектебине Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры Тойчубеков Бердибайдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун түп нускасы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:
Ф.Ф.Юсупов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.