Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бел айылдык кенешинин «Айыл өкмөтүнун 2023-2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бел айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 15-1
Айыл өкмөтүнун 2023-2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган айылдык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгу маселени “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик , айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, кошумча протоколун угуп жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жыргылбек Сайдаматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык депутаттардын Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылда Бел айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 23151,8 сом өлчөмүндө, анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 13663,6 сом жана теңдештирүүчү грант 9488,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү №2 тиркемеге ылайык 23151,8 сом өлчомүндо, анын ичинен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 10654,1 сом, айылдык кенешке 614,7 сом, жарандык коргонууга 200,0 сом, Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине 298,4 сом, экономикалык маселелерге 4376,3сом, китепканага 268,8 сом, клубга 539,7 сом, маданият боюнча иш чараларга 154,0 сом, бала бакчаларга 1708,7 сом, мектептерге 1038,5сом жана социалдык коргоого 390,0 сом бекитилсин.
3. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №3-4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.Кирешенин болжолу 2024-жылга 25724,8 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу алынуучу гранттар 9488,0 сом менен) 2025-жылга 26874,9 сомго (респбликалык бюджеттен алынуучу гранттар 9488,0 сом менен) бекитилсин.Бел айыл өкмотүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин негизги корсоткучтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
5. Айыл аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акы 2022-жылы 600(сом ) өлчомундө белгиленип, 2022-жылы 2908,7 сомду тузгөн 2023-жылга 45 бала кошулуп кошумча 600 сом төлөнүп берилсин.
6. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыздаа жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Т.Алмабашовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы
М.А.Ураимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3