# Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 30.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033412>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45770/edition/39501/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому (ред. от 30.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033412

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

VI чакырылыштагы кезексиз XVII сессиясы

2025-жылдын 30-октябры № 1

Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы карап, талкуулап, отурумдун протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаарынын аймактык түзүлүшүн кеңейтүү, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, шаар калкын турак-жай менен камсыз кылуу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап имараттарды куруу үчүн Нарын шаарынын күн батыш тарабындагы Борборук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга берилген 263,78га жер аянтынын ичинен 223,78 га жерин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Ал эми, 263,78га жер аянтынын ичинен калган 40га жери Борбордук Азия Университетинин пайдалануусуна калтырылсын.

3. Жер тилкесин кабыл алуудагы иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Эсеналиев
