Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Тогуз-Торо ацылдык кеңешинин «Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине кошумча план кылып киргизүү жана беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө» токтому
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган I сессиясы
2024-жылдын 28-наябрындагы №5
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине кошумча план кылып киргизүү жана беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №547 Жарлыгына ылайык республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын жана бала бакчалардын тамак ай чыгымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү жана айрым пайдаланылбаган беренеден пайдаланыла турган беренелерге жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XXIII шайланышынын) кезектеги чакырылган I сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн 13321300 беренесине 140,8 мин сомду,чыгаша бөлүгүнүн бала бакчанын 3112 беренесине 49,3мин сомду кошумча ачылган тайпага эмерек алууга , аппараттын 3111 беренесине 91,5мин сомду Кош-Булак айылына таза суу чыгарууга өздүк салымы үчүн кошумча план кылып отургузуп берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражатынын чыгаша бɵлүгүндɵгү бала бакчанын 2218 беренесине 250,0 мин сом кошумча план болуп киргизилсин
3.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү айрым пайдаланылбаган беренеден пайдаланыла турган беренелерге жылдырууга:
-Аппараттын 2111 беренесинен 180,0мин сомду,2121 беренесинен 20,0мин сомду жалпы 200,0мин сомду аппараттын 2215 беренесине айыл аймагынын Шар участкасына БСР курууга проект түздүрүүгө жылдырылсын. -Аппараттын 3111 беренесинен 200,0мин сомду аппараттын 3112 беренесине 125,0мин сому айыл аймагынын Кожалиев көчөсүнө видеокөзөмөл алууга,2215 беренесине 75,0мин сомду бала бакчадагы тарбияланып жаткан 182 балага жаны жылдык белек алууга жылдырылсын.
-Айылдык китепкананын 2211 беренесинен 13,8мин сомду жана ар кандай чыгымдар беренесинен 2,4мин сомду жалпы 16,2мин сомду айылдык китепкананын 2111 беренесине кызматкерлердин эмгек акысы үчүн жылдырылсын.
-Бала бакчанын 2211 беренесинен 7,5мин сомду жана 2212 беренесинен 5,0мин сомду жалпы 12,5мин сомду Аздек бала бакчасынын от жагуучу мешине насос алууга жылдырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы У.Токтожумаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.