Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айылдык кеңешинин «Момбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №7
Момбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн Башчысы Ч.Төлөнованын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин ХХIХ чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Момбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети 40395400 сом, 2026- жылга долбоору 44165800 сом жана 2027-жылга долбоору 48917800 сомго № 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2025-жылга 40395400 сом, 2026-жылга долбоору 44165800 сом жана 2027-жылга 48917800 сомго № 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата калган калдыгы 54270 сом ,12 тыйын калдыгы № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1- январына карата накталай акча каражат жүргүзүүсү 250000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы,соц.фондко чегерүү) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 400000 сомдук Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын резерв фонду түзүлсүн.
8. Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2024-жыл 29-июлундагы № 152 -мыйзамынын 40-берене 6-бөлүгүнүн негизинде айылдык кеңештин төрагасына ар бир өткөргөн сессиясына 1 күндүк эмсек акы төлөп берилсин.
9. Жалпы ата-энелер чогулушунун токтому бекитилип, балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү айына бир балага 1200 (бир миң эки жүз ) сомдон, ал эми жылына 8400,0 сом план каралсын.
10. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелери Түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдүү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага жүктөлсүн.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.Абдыразак уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы»Закон · 29.07.2024 · № 152
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу