# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы №23 «Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы №23 «Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23
- Дата принятия: 24.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032851>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45412/edition/38806/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы №23 «Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө» токтому (ред. от 24.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032851

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

2025-жылдын 24-сентябрындагы №23

«Жайыт жерлери категориясынан Айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которуу жөнүндө»

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-18/3126 чыгыш чандуу “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 22.04.2025-жылдагы №46 чыгыш сандуу катынын негизинде жазылган кайрылуусун, “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусун, карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомуна ылайык жайыт жерлерин айыл чарба багытындагы айдоо жер аянттарына которууга жана которулган жер боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2007-жылдын 22-июнунданы №243 токтомунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү иш жургүзсүн.

3. Каныш-Кыя айыл аймагынын жакынкы жайыт болуп эсептелген жайыт категориясындагы жер аянттарынан айыл чарба категориясына иштетүүгө ыңгайлуу жалпы 1581 га жер аянтын жайт жерлери категориясынан айыл чарба багытынын айдоо жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Каныш-Кыя айыл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабековага, көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.М.Козубаев
