# Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 04.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032821>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78827/edition/38774/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому (ред. от 04.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032821

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 4-февралы №26

«Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды31-январдагы №2 протоколдук чечимин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-январдагы №01-17-25/169 сунушун талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-январдагы №2 протоколдук чечимин, жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-январдагы №01-17-25/169 сунушу колдоого алынсын.

2. Кырк –Казык айылынын мечитинен Үңкүр,Тешик-Таш көчөсүнө согуш ардагери, 1-даражадагы “Ата Мекендик согуш” орденин ээси Назаралиев Атантайдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Кырк –Казык айылынын мечитинен Үңкүр,Тешик-Таш көчөсүнө согуш ардагери Назаралиев Атантайдын ысымын ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту ,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу башчысы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы

А.С.Алишеров
