Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кеңешинин “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” иш планын бекитүү токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №14
“Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” иш планын бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022 - жылдын 16-ноябрындагы №261 буйругуна жана Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-
сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.