Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 14-октябрындагы №296 жана 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде даярдалган ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №6
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 14-октябрындагы №296 жана 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде даярдалган ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-19/242 чыгыш сандуу каты боюнча Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнундө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 14-октябрындагы №296 Жарлыгынын талаптарын сактоо жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-19/243 чыгыш сандуу каты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын талаптарын сактоо боюнча ЖОБОну карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 14-октябрындагы №296 Жарлыгынын талаптарын сактоо жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-19/243 чыгыш сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын талаптарын сактоо боюнча ЖОБОсу тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С. Ашырбаевге жана көзөмөлдөө жагы Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
М.М.Козубаев
“Макулдашылды” Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы___________ М.Козубаев “____” ______________2025-ж
“Бекитемин” Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы____________Б.С.Ашырбаев “____” ______________2025-ж
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №53 Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду экерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,71-беренелерин жетекчиликке алуу боюнча чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы маселе
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №53 Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду экерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,71-беренелерин жетекчиликке алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин колго алуу максатында атайын жобо кабыл алабыз.
2. Жобонун максаты жана милдеттери:
Кыргыз Республикасынын №53 Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыктарын ишке ашыруу.
Жарлыктардын жана Мыйзамдын негизинде райондук мамлкеттик администрациясынын буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл өкмөт тарабынан буйрук, жобо,жумушчу топ түзүү жана отурумдарды өткөрүү.
Калк арасында маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоону алдын алуу максатында тынымсыз түшүндурүү иштери жүргүзүлсүн.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маркумдарды жайга коюу
салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн чыгарган фатваларын аткаруу.
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен,мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу.
Мүрзөдөгу эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0.70 метрден ашпоосун имамдар көзөмөлгө алуу.
Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөго эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында тынымсыз жүргүзүү.
Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого, көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыгуу жана бекитүү зарылчылыгына жараша.
3. Жарлыкты аткаруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жана мүчөлөрунун укуктары жана милдеттери;
· Жумушчу топтун мүчөлөрү Жарлыкка байланыштуу маселелерди талкууга жана
аны турмушка ашырууда иш-аракеттерге катышууга милдеттүү.
· Мыйзам бузуучулук жана чектен аша чаап чыккан учурларда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга укуктуу.
· Мыйзамда көрсөтүлгнөн эрежелерди бекем сактоо, талапка ылайык иш алып баруу негизделет.
· Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,71-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынган чечимдерди аткаруу жана калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө активдүү катышуу жүктөлөт.
4. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө жана маркумга арналган иш-чараларды тартипке келтирүү
1. Мүрзөдөгу эстеликтер жана тосмолоржыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0.70 метрден ашпоосун кароо.
2. маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо.
3. Маркумду акыркы сапарга узатууда союш 1 карамалдан ашпоо, эркек жана аялдарга белбоо, жолук, чапан сыяктуу нерселерди бербөө.
4. Той-аштарга себет, дасторкон табак, ар кандай сарпайларды берүүнүн ордуна маареке ээлерине акчалай берүү.
5. Маареке өткөрүүдө 100-150гө чейин адамдарды чакыруу.
6. Чечимдерге баш ийбеген тараптарга мыйзам чегинде чара көрүү.
Макулдашылды Бекитемин Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин төрагасы ___________Б.Ашырбаев _____________М.Козубаев “_____”_____2025-жыл “_____” ______2025-жыл
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы маселе.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Чаткал районунда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин колго алуу боюнча атайын жобону кабыл алабыз.
2. Жобонун максаты жана милдеттери:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын ишке ашыруу.
2. Жарлыктын негизинде райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү тарабынан буйрук, жобо иштеп чыгуу, атайын жумушчу топ түзүү менен отурумдарды өткөрүү.
3. Калк арасында салт-санаа, маркумду узатуу, той-аштарды берүүдө ашыкча ысырапкечиликке бөгөт коюу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
4. Ысырапкерчиликти жоюу төмөнкү беш багыт боюнча иш алынып барылат
- маркумду узатуу, эскерүү;
- үйлөнүү үлпөт тойлор;
- мааркелерди өткөрүү (бешик той, шерине жана үй-бүлөлүк салтанаттар;
- сүннөт той өткөрүү;
3. Жарлыкты аткаруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жана мүчөлөрүнүн укутары жана милдеттери:
1. Жумушчу топтун мүчөлөрү Жарлыкка байланыштуу маселелерди талкуулоого жана аны турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга милдеттүү.
2. Мыйзам бузуучулук жана чектен аша чаап чыккан учуларда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга укуктуу.
3.Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем сактоо боюнча иш алып барууга негизденет.
4. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынган чечимдерди аткаруу жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө активдүү катышуу жүктөлөт.
4. Каада-салттарды, салтанаттарды, үрп-адаттарды, диний ырым-жырымдарды жана маркумга арналган иш-чараларды тартипке келтирүү жөнүндө
Сүннөт той боюнча: 1- Сүннөт той өткөрүүдө ата-энелерге, бир туугандарына кийит сарпайлар берүү,себет, конок берүү, эмерек, тай жана майда жандык берилбесин. 2- Сүннөт тойдо ат оюндары, көк бөрүгө келгендер райондун ичиндеги тургундар конок боло албайт. Башка район облустан келгендер гана конок болушат. 3- Көк бөрү оюнундагы (улактын тебелетизи) жоюлсун. 4- Той ичимдмксиз өткөрүлсүн. Үйлөнүү той: 1- Үйлөнүү тойдо ЗАГС ка чыгуучу машинанын саны 3 машинадан ашпасын. 1жеңил унаа 2 спринтер. 2- Кызга калың берүү 100 000 (жүз миң) сомдон ашпасын. 3- Сеп берүүдө 4 (төрт) сыйрадан ашпасын. 4- Өкүл ата, өкүл апа тойго күбө катары катышып нике шакек, ашыкча чыгымдар жоюлсун. 5- Бата той, кыз узатуу той жоюлсун. 6- Кулдук урду, күйөө чакыртуу, ата чакыртуу токтотулсун. 7- Кыздын үйүнө баруучу күйө балдардын саны 10 баладан ашпасын. 8- Үйлөнүү тойдо конок күтүлбөсүн. 9- Тойдо себет берүү, кийит сарпайлар берилбесин. 10- Кыл куйрук мүмкүнчүлүгүнө жараша берилсин. 11- Той ЗАГС баардыгы бир күндө өткөрүлсүн.
Бешик той: 1- Бешик тойдо берилүүчү кийит сарпайлар жоюлсун. 2- Бешик тойго бешиктин өзүн гана алып баруу зарыл, килем оюнчуктар жоюлсун. 3- Тойго баруучулар 5 (беш) адамдан ашпасын. 4- Бешик тойдо бир жандыктан (кой) ашык союлбасын.
1- Шерине жана башка салтанаттар токтотулсун. 2- Мектептерде мугалимдерге белек берүү, акыркы коңгуроо кечелери, туулган күн өткөрүү токтотулсун.
Маркумду узатуу боюнча:
1- Маркумду узатууда 3 күнгө чейин мал союуга болбойт (тыюу салынат) 2- Маркумду эскерүүдө “үчтүк”, “жетилик”, “кырктык”, “жылдык” жоюлсун. 3- Көйнөк жолук берүү токтотулсун. 4- Маркумду узатууда аялы гана көк кийе алат, калгандарына тыюу салынат. 5- Көк кийүү 4 (төрт) ай 10 күндөн ашпасын. 6- Маркумду узатууда бир айылда жашаган туугандары кудай өткөрбөсүн. 7- Маркум узатууда дастарконго нан борсок гана коюлсун. 8- Маркумду узатылган үйгө тамак-аш жасап баруу токтотулсун. 9- Маркумду жуугандарга жаңы кийит берилбесин, 10- Маркумга атап аш берүү мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүлсүн. 11- Аш берүүдө ат оюндары көк бөрү өткөрүлбөсүн. 12- Аш берүүдө кошмойлор жоюлсун. 13- Маркум коюлганга чейин аялдар барышпасын. 14- Ыссык-суук иштерде салып кетүү жоюлсун.
Чечимдерге баш ийбеген тараптарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
Айыл аймактарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдардын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо
Жалпы жоболор Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.2. Райондук комиссия
Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 -Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты айыл аймактарда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында, айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары -жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүу кенештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кенештин сессиясында бекитилет.
2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенештин токтому бекитилген тартипте жергиликтүү кенештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жарыяланат.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кенеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө олтургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
Маркумду эске алуу ырым-жырымдардын өткөрүүңүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) мал союуга болбойт (тыюу салынат).
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салатанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, айыл өкмөттүн башчылары, облустук комиссия, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет. Баардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликттүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнө, райондук муниципалдык аймактык башкармалыгында, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөтүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымдары өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, алтууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына монторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзүлөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара((анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.2. Райондук комиссия
5.2.1. Райондук комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияда район боюнча комиссия түзүлөт. Анын курамында аким, администрациянын башчысы администрациянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, милициянын, маданият бөлүмүнүн, элге билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик кошуундардын ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун кенешинин, диний уюмдардын, өкмөтүк эмес уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын жана башкалар өкүлдөрү кирет. Райондук комиссия акимдин администрация башчысынын буйругу менен бектилет.
5.2.2. райондук комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышна көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзүлөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн облустук комиссияга сунуш киргизет.
6.Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагында маркумду эскерүү ырым-жырымдарын жана үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын ички мыйзамдарына жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындарда жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Катчы
Н. Таласбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 24 февраля 2022 года УП № 54 "О мерах по упорядочению семейных торжеств и поминальных обрядов в Кыргызской Республике"Указ · 24.02.2022 · № 54
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296