Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алтын-Бешик айылдык кенешинин «Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тарыхый маданий мурас обькттеринин жер участокторун тарыхый маданий багытта Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому.
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жылы 22-cентябры № 59 Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тарыхый маданий мурас обькттеринин жер участокторун тарыхый маданий багытта Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомуну 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө мыйзамына жана Баткен райондук Маданият бөлүмүнүн 2025-жылдын 2-сентябрындагы №01-06/243сандуу чыгыш катынын негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңешинин социалдык иштер боюнча комиссиянын кортундусуна ылайык, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кан айылында жайгашкан Кан чеби (XIX кылымга таандык) Кудай Яркан чебинин Баткен райондук Маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 2 Тиешелүү иш кагаздарын (МаМакт) даярдоо жагы, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Маматовко милдеттендирилсин. 3 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын, Жер жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым:
А. Матраимова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.