Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Терек айылдык кеңешинин «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 201
Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө Кайнама ГЭС» жоопкерчилиги чектелген коомуна подстанция куруу үчүн, Кара-Суу участкасындагы №4305 контурдагы 0,15 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек жайыт комитетинин башчысы К.Сыргабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 « Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. Подстанция куруу үчүн «Кара-Суу» участкасындагы №4305 контурдагы 0,15 га жайыт жер аянтынын багытын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Подстанция куруу үчүн бөлүнгөн жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, жер боюнча башкы адис М.Келгенбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Дөөлөткелдиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 29 января 2021 года УП № 3 "О защите собственности и поддержке предпринимателей и инвесторов"Указ · 29.01.2021 · № 3
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу