# Кербен шаардык кеңшинин 2025-жылдагы 27-февралыдагы №4/13 "Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/13
- Дата принятия: 27.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.02.2025
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/230032342>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45074/edition/38266/ru>
- Текст на другом языке (Markdown): <https://aqlex.ai/kg/doc/230032342.md>

> Текст приведён по редакции от 27.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кербен шаардык кеңшинин 2025-жылдагы 27-февралыдагы №4/13 "Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.02.2025) - https://aqlex.ai/doc/230032342

---

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы Т О К Т О М 2025-жылдын 27-февраль №4/13

Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомдун, Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 17-февралындагы № 01-20/338 сандуу катына негиз Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жиргиликтүү бюджеттин

эсебинен Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024- жылдын 19-мартындагы № 122 токтомуна негиз айыл чарбасын каттоону уюштуруу үчүн 760,0 мин сом каралгандыгы белгиленсин. 2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө

кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин

экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев
