# Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №4/16 «Жер аянтын которуу жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №4/16 «Жер аянтын которуу жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/16
- Дата принятия: 08.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032122>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78737/edition/38048/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №4/16 «Жер аянтын которуу жөнүндө» токтому (ред. от 08.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032122

---

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы

2025-жылдын 8-апрели №4/16

«Жер аянтын которуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1(3-2),11,13, беренелерине, Кыргыз Республикасынын жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 15.07.2013-жылдагы №145 мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Жобону бекитүү” жөнүндөгү 04.11.2024-жылдагы №665токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияны колдоо жөнүндөгү 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ№3 Жарлыгын жетекчиликке алып, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курук-Сай участкасындагы “Орис НПЗ” нефтини кайра иштетүүчү заводдун өндүрүмдүүлүгүн жогорлатуу максатында заводко кошумча жер берүү үчүн заводдун жанындагы №363 контурдагы 3,35га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтын жана 1,65га айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлерин жалпы 5,0 га жер аянтын айыл чарба жерлери категориясынан өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Заводдун жерин кеңейтүү үчүн тандалган 1,65га айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлеринин 0,85 га жер аянтын Курук-Сай участкасындагы №363 контурдагы айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнөн айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлери түрүнө, 0,80 га жер аянтын Кайнар участкасындагы №3 контурдагы айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнөн айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлери түрүнө категориясына которууга макулдук берилсин.

3. Боз-Чычкан айылындагы 100,0 га токой фондусуна которулган жер аянтындагы эгилген бак-дарактарды сугаруу максатында Боз-Чычкан айылындагы №376 контурдагы 0,15га жана Боз-Чычкан айылындагы №378 контурдагы 0,21га, жалпы 0,36 жер аянты айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнөн айыл чарба багытындагы курулуштардын (суу кампасы) жерлери түрүнө категориясына которууга макулдук берилсин.

4. Боз-Чычкан айылындагы №1167 контурдагы 4,3га жайыт жер аянты айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан калктуу конуштар жерлери (көрүстөн) категориясына которууга макулдук берилсин.

5. Беш-Мойнок айылындагы №1019 контурдагы 0,30 га жайыт жер аянтын айыл чарба жерлери категориясынан өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына категориясына которууга макулдук берилсин.

6. Беш-Мойнок айылындагы №1019 контурдагы 0,15 га айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнөн айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлеринин түрүнө категориясына которууга макулдук берилсин.

7. Беш-Мойнок айылындагы №1019 контурдагы 0,65 га айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнөн айыл чарба багытындагы жерлеринин көпжылдык бак-дарактар түрүнө категориясына которууга макулдук берилсин.

8. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагынан которууга тандалган жер аянтына керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси С.Назаровго тапшырылсын.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырамын.

Төрага

У.А. Абдыкулов
