Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Көл шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелери жөнүндө» токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №36/7-9
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 110/40-6 сандуу токтому менен бекитилген “Муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 7-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.М.Доулдаевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 110/40-6 сандуу токтому менен бекитилген “Муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 7-тиркемесин кайрадан бекитип берүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылдагы 27-сентябрындагы № 110/40-6 сандуу токтому менен бекитилген “ Муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 7-тиркемеси өзгөртүү жана толуктоолор менен 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгы ( Т.М.Доулдаев) ушул токтомдун негизинде жаңы келишимдерди түзүп иш алып барсын.
3. Бул токтом 2025-жылдын 1-июлунан күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( Т.А.Мамытканова) жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
Ч.А.Кимсанов
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-июнундагы №36/7-9 сандуу токтомуна 1-тиркеме “Муниципалдык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси
Муниципалдык менчиктеги курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалангандык үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускама
Бул нускама Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, ижара мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик актыларга ылайык иштелип чыккан жана ижара акысын эсептөөнүн, муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимдерин күбөлөндүрүүнүн тартибин аныктайт. Муниципалдык менчиктеги жайларды пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төмөндөгүдөй эсептелет: “Энергетик” стадионун колдонуу саатына 3000 сом; “Энергетик” спорт залын колдонуу саатына 500 сом; “Энергетик” маданият үйүн колдонуу билет сатуу менен пайдаланылса түшкөн каражаттан 15%, эгер билет сатуу колдонулбаса саатына 2500 сомдон. “Энергетик” эс алуу багындагы бий аянтчасы саатына 1000 сомдон. ЛЕД-экран жарнамалык роликтерди жайгаштыруу айына жазуу түрүндө -3000 сом, сүрөт – 5000 сом, видео – 10000 сом 3 минутага чейин.
Жогоруда аталгандардан башка муниципалдык менчиктеги курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төмөндөгүдөй формула менен эсептелет: Аа.ак.= К1 х К2 х S Аа.ак – имарат үчүн бир айлык ижара акысынын өлчөмү К1 – экономикалык пландаштыруу зоналарынын коэффициенти; К2 – имаратты пайдалануунун тармактык коэффициенти; S – ижарага берилүүчү имараттын аянты.
а) К1 - экономикалык пландаштыруу зоналарынын коэффициенти шаардык кенештин токтомуна ылайык эсептелинет.
б) К2 - имаратты пайдалануунун тармактык коэффициенти:
- корт аянтчалары – 10;
- коммерциялык багытта колдонууга алган балдар ойноочу комплекстер, окуу борборлору, кеңселер, турмуш-тиричилик ишканалары – 50;
- коомдук тамак-аш ишканалары – 80.
Жогоруда аталгандан башка жайлар үчүн колдонулуучу коэффициент - 40.
Ижара акысынын чоңдугуна имараттарды эксплуатациялоо, имараттарды жана жайларды күнүмдүк ремонттоо, жылытуу боюнча чыгымдар, коммуналдык тейлөөгө жана башка кызматтарга чыгымдар кирбейт.
Жооптуу катчы
К.И.Нурматова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.