# Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/10
- Дата принятия: 10.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032065>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78697/edition/37986/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Барпы айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10 “Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 10.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032065

---

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы

2023-жылдын 10-февралындагы № 13/10

“Күнүмдүк тирчилик калдыктарына төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө” “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 06.02.2023-жылда жазган кайрылуусун эске алуу менен Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир кожолуктан чыккан күнүмдүк тиричилик калдыктарын ташып кетүүгө 150сом, ал эми соода сатык түйүндөрунөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 471сом өлчөмүндө койулган баасы тууралуу жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан талкууга алынап, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

ТОКТОМ

1. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан убактылуу 6 ай мөөнөтүндө, ар бир кожолуктан 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 150 (жүз элүү) сом, ал эми соода сатык түйүндөрүнөн, мекеме, ишканалардан жана билим берүү мекемелеринен 1м3 таштандыны алып чыгып кетүүгө 471 (төрт жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө акы төлөө жагы каралсын.

2. “Барпы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Бегматовго: 6 ай мөөнөт ичинде аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен таштандыларды алып чыгып кетүүгө бологон баанын өзгөрүшүн же жогоруда белгиленген баа менен калтыруу боюнча сессияга сунуштасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Барпы айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Абдыкулов
