Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жобо Кара-Камыш айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча өкмөт башчынын кайрылуусун кароо жөнүндө» токтомуна ылайык.
Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 05- февралындагы № 3/6 токтомуна №1-тиркеме
Кара-Камыш айыл аймагындагы айылдарда жана башка калктуу конуштарда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. 1.Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга
коюу жөнүндө” Кыргыз Респу бликасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 жарлыгына ылайык, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алыган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты айылдарда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши
жөнүндө” иретке келтирүү, ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюу.
2. Жобону иштеп чыгуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1 Айыл аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши
жөнүндө”тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөт башчысыны буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, айылдык кеңештин депутаттарынан,ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынан, аксакалдар сотунан, айылдын имамы жана башка өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө турган жумушчу топ түзүлөт.
2.2 Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан
жобонун долбоору айылдык жыйында талкууланып жалпыгы тааныштыруу үчүн жарыя тактасына, айылдагы социалдык сеттеги группаларга жайгаштырылат. Келип түшкөн иштикүү сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо айылдык кеңеш тарабынан сессияда бекитилет.
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маркумдарды коюу
салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн чыгарган фатваларын аткаруу
3.2 Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши
жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан шграниттен, мрамордон, металлдан жана ушул сыяктуу жасалган манументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыю салынат.
3.3. Мүрзөлөр эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана
бийиктиги 0,70 метрден ашпоосун кароо.
3.4 Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого, көрктөндүрүүгө, пайдаланууга
жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрун, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыгуу жана бекитүү
3.5 Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди
тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында жүргузүү
3.6 Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу
иши жөнүндө өткөн жеринечогу барып, түшүндүрүү иштерин жүзгүзөт жобонун талаптары менен тааныштырат. Жобонун талаптары бузулганда акт түзүлүп, чара көрүлөт
Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 05 - февралындагы № 3/6 токтомуна №2-тиркеме
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн иш-чаралар планы
№
Иш-чаралардын аталышы
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
1
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маркумдарды коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн чыгарган фатваларын аткаруу
Дайыма
А/Ө, айылдык имам
2
Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан шграниттен, мрамордон, металлдан жана ушул сыяктуу жасалган манументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыю салынат.
Дайыма
А/Ө, айылдык имам
3
Мүрзөлөр эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпоосун кароо
Дайыма
А/Ө, айылдык имам
4
Маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык түшүндурүү иштерин жүргүзүү
Дайыма
А/Ө, айылдык имам
5
Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого, көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрун, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыгуу жана бекитүү
Дайыма
А/Ө, архитектура
6
Үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын иш-жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү
Дайыма
А/Ө, архитектура
7
Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында жүргузүү
Дайыма
А/Ө, айылдык имам
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылынын 5-февралындагы №3/6 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу…Постановление · 05.02.2025 · № 3/6
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296