# Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 69
- Дата принятия: 26.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031767>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44746/edition/37596/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031767

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 26-августу № 69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 67-беренесинин, 3-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-12/3844 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы

министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн 438,7 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;

2. Жер аянтынын так өлчөмү жана чек аралары тиешелүү жоболорго ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, шаардык архитектура жана жер ресурстар бөлүмү тарабынан белгиленсин.

3. Токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу

жарыялансын.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция

башкармалыгына жөнөтүлсүн

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин

архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын

Төрага:

А.Аширов
