Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 67-беренесинин, 3-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-12/3844 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы
министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына административдик имарат куруу үчүн 438,7 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Жер аянтынын так өлчөмү жана чек аралары тиешелүү жоболорго ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, шаардык архитектура жана жер ресурстар бөлүмү тарабынан белгиленсин.
3. Токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу
жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын
Төрага:
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123