# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 46
- Дата принятия: 25.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031747>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44730/edition/37569/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-августундагы №46 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө" токтому (ред. от 25.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031747

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 25-августу № 46 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Ак-Татыр айылөкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсү 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга графикти бекитүү боюнча айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Рават айылдарында 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн төрт айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.

2.Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.

№

Айылдын аты

Боло турган күнү жана сааты

Жооптуу адамдар

1

Үч-Дөбө

02.09.2025, 10:00

Даабеков Сайтбурхан

Өкмөт башчы

2

Орто-Боз

03.09.2025, 10:00

Жапарова Айымбасар

Өкмөт башчы

3

Ак-Татыр

04.09.2025, 10:00

Темиров Акжол

Өкмөт башчы

4

Рават

05.09.2025, 10:00

Жапаров Нурудүн

Өкмөт башчы

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага:

Т.Исманов
