Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кенешинин «Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 46 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Ак-Татыр айылөкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсү 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга графикти бекитүү боюнча айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Рават айылдарында 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн төрт айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.
2.Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.
№
Айылдын аты
Боло турган күнү жана сааты
Жооптуу адамдар
1
Үч-Дөбө
02.09.2025, 10:00
Даабеков Сайтбурхан
Өкмөт башчы
2
Орто-Боз
03.09.2025, 10:00
Жапарова Айымбасар
Өкмөт башчы
3
Ак-Татыр
04.09.2025, 10:00
Темиров Акжол
Өкмөт башчы
4
Рават
05.09.2025, 10:00
Жапаров Нурудүн
Өкмөт башчы
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Исманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123